# 263-статья. СПАнын бирлигинин киреше булактары

- Документ: [Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/993)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2013 года № 46 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об объединениях (ассоциациях) водопользователей"](https://aqlex.ai/kg/doc/203853)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/993#diff=1237099..1237100>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-943/edition/1237099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/993/st-263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө, 263-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-263

---

1. СПАнын бирлигинин кирешеси, эгерде аларды төлөө уставда каралса кирүү жана мүчөлүк төгүмдөрдүн; ыктыярдуу төгүмдөрдүн жана кайрымдуулук, мамлекеттик жана башка гранттардын; САПнын бирлигинин уставына ылайык жүргүзүлгөн иштерден түшүүлөрдүн; жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн; мыйзам менен тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн негизинде түзүлөт.

Коомдук бирикмелердин ишкерлик ишинин кирешелери бул бирикмелердин мүчөлөрүнүн жана катышуучуларынын ортосунда кайра бөлүштүрүлүшү мүмкүн эмес жана уставдык максаттарга жетүү үчүн гана пайдаланылышы керек.

2. СПАнын бирлигине мамлекеттик сугат дренаждык тутумдарынын бир бөлүгү белгиленген тартипте пайдаланууга, күтүп алууга жана башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн.

(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [262-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-262)  
Кийинки берене: [264-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-264)
