# 261-статья. СПАнын бирлигинин максаттары жана милдеттери

- Документ: [Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/993)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2013 года № 46 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об объединениях (ассоциациях) водопользователей"](https://aqlex.ai/kg/doc/203853)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/993#diff=1237099..1237100>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-943/edition/1237099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/993/st-261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө, 261-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-261

---

1. СПАнын бирлиги ушул Мыйзамга ылайык магистралдык сугат тутумдарын биргелешип башкаруу, пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн эки же андан көп СПА тарабынан коммерциялык эмес уюм катары уюштурулат.

2. СПАнын бирлигинин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- магистралдык сугат тутумдарын жана аны менен байланышкан инфратүзүмдөрдү пайдалануу жана техникалык тейлөө, зарыл курулуш жана оңдоо жумуштарын жүргүзүү;

- СПАнын бирлигинин тейлөө зонасында сууну пайдалануунун шарттарын жөнгө салуу жана магистралдык сугат жана дренаждык тутумдарын жана ага байланышкан инфратүзүмдү техникалык тейлөөнүн наркын кошкондо, берилген кызмат көрсөтүүлөр үчүн СПАнын бирлигинин мүчөлөрү болуп саналган СПАдан төлөмдөрдү жыйноо;

- табигый суу объекттеринен белгиленген тартипте суу топтоо;

- СПАнын бирлигинин курамына кирген СПАлардын ортосунда сугат сууну берүү жана бөлүштүрүү;

- СПАнын бирлигинин курамына кирген СПАлардын ортосунда суу пайдаланууга жана бөлүштүрүүгө тийиштүү талаш-тартыштарды чечүү;

- СПАнын бирлигинин курамына кирген бардык СПАлардын кызыкчылыктарын коргоо.

(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-26)  
Кийинки берене: [262-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-262)
