# 2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/993)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2013 года № 46 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об объединениях (ассоциациях) водопользователей"](https://aqlex.ai/kg/doc/203853)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/993#diff=1237099..1237100>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-943/edition/1237099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/993/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө, 2-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-2

---

Сууну пайдалануучулардын бирикмеси (ассоциациясы) (мындан ары СПА) - сугат тутумун пайдалануу жана күтүү максатында ушул Мыйзамга ылайык сууну пайдалануучулар тарабынан уюштурулган уюм. СПАнын бирлиги - магистралдык сугат тутумдарын биргелешип башкаруу, пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн эки же андан көп СПАдан уюштурулган коммерциялык эмес уюм. Сугат тутумдары - сугат тутумдарын күтүүнү, пайдаланууну жана оңдоону камсыз кылуу үчүн бөлүнүп берилген ээликтен ажыратылган бардык жер тилкелерин кошуп алганда жолдор, имараттар, электр берүү линиялары жана башка инфратүзүмдөр менен байланышкан сугат жана дренаж каналдарынын, түтүк өткөргүчтөрдүн, гидротехникалык курулмалардын, насостук станциялардын, скважиналардын, суу сактагычтардын, көлмөлөрдүн жана суу топтоочу жайлардын тармагы. СПАнын тейлөө зонасы - СПА тармагынан тейленүүчү белгилүү айрым географиялык аймак. СПАнын бирлигинин тейлөө зонасы - СПАнын курамына кирген, СПАга суу берүү үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте СПАнын бирлигине өткөрүлүп берилген чарбалар аралык сугат жана дренаж тутумдары жайгашкан географиялык аймак. Гидробирдик - СПАнын ичиндеги тейленүүчү зонанын белгилүү бир жер участогу, ал сугаруу үчүн сууну бир булактан, суу башынан же суу кое берилүүчү жерден алышы мүмкүн. Жөнгө салуучу орган - ушул Мыйзамдын 27-статьясынын талаптарына жооп берген орган. Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын "Суу пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому Сууну берип туруучу - сугат тутумун пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн жооптуу, контракттын негизинде сууну пайдалануучулардын ассоциациясына же башка адамга сууну алуучу жана транспорттоочу мамлекеттик суу чарба уюмунун аймактык органы же кандай болбосун башка юридикалык жак. СПАнын уставы - ушул Мыйзамдын 7-статьясынын талаптарына жооп берген устав. Өкүлчүлүктүү зона - СПА тейлеген зонанын бир бөлүгү, жер ээлери жана жерди пайдалануучулар, алар СПАнын мүчөлөрүнүн Өкүлдөрүнүн чогулушунун ишине катышуу үчүн бир же андан ашык өкүлдөрдү шайлайт. Магистралдык сугат тутуму - сугаруу үчүн эки же андан көп СПАга суу берүү жүргүзүлгөн сугат тутуму. (КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-3)
