# 16-статья. СПАнын Кеңешинин аткаруу органы

- Документ: [Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/993)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2013 года № 46 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об объединениях (ассоциациях) водопользователей"](https://aqlex.ai/kg/doc/203853)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/993#diff=1237099..1237100>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-943/edition/1237099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/993/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө, 16-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-16

---

1. СПАнын дирекциясы СПАнын Кеңешинин аткаруу органы болуп саналат.

2. СПАнын Уставы менен дирекцияга төмөнкүлөр тапшырылышы мүмкүн:

- СПАнын Кеңешине берүү үчүн бюджеттин долбоорун, сугат тутумун пайдалануунун жана күтүүнүн жумушчу планын жана башка талап кылынган документтерди даярдоо;

- СПАнын мүчөлөрүнүн жана мүчө эместердин реестрин жүргүзүү, ал жыл сайын кайра каралып жана жаңырып турууга жана СПАнын тейлеген зонасынын ичинде СПАнын ар бир мүчөсүнүн жана мүчө эместердин жер участогунун өлчөмүнүн жана жайгашуусунун баяндамасын, СПА тарабынан алынган суунун өлчөмүн каттоо журналын, СПАнын мүчөлөрүнүн жана мүчө эместердин сугат суусун берүүгө болгон табыштама журналын жана жүргүзүлгөн сугаттардын санын камтууга тийиш;

- сугат тутумдарын күтүүнү жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу;

- СПАнын тейлөө зонасында сугат тутумдарын күтүү жана пайдалануу боюнча бекитилген бюджетке жана иш планга ылайык, СПАнын Кеңеши менен макулдашылгандан кийин СПАнын атынан контракттарды даярдоо жана түзүү;

- сууну берип туруучу менен суу берүүнүн көлөмдөрүн жана графиктерин макулдашуу жана аны СПАнын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүү;

- СПАнын дирекциясынын штатына жалдап алуу жана иштен бошотуу жана анын ишине көзөмөлдүк кылуу;

- СПАнын дирекциясынын бардык жалданма кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналган буйруктарды жана нускамаларды чыгаруу;

- СПАнын Кеңеши тарабынан бекитилген жобого ылайык СПАнын банктык эсептерин башкаруу;

- СПАнын Кеңеши тарабынан аныкталган же ушул Мыйзамда белгиленген башка маселелер.

3. СПАнын директору жана бухгалтери СПАнын Кеңеши тарабынан жалданат.

4. СПАнын директорунун жана бухгалтеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эмгек келишими (контракт) менен аныкталат.

(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-17)
