# 15-статья. СПАнын башкаруу органы

- Документ: [Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/993)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-943/edition/1237099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/993/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө, 15-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-15

---

СПАнын Кеңеши СПАнын башкаруучу органы болуп эсептелет.

1. СПА бийлик укугуна:

- СПАнын ишине жалпы башкарууну жүзөгө ашыруу;

- СПАнын аткаруу органынын ишине контролдук жүргүзүү;

- өзүнүн курамынан СПАнын Кеңешинин төрагасын шайлоо;

- СПАнын жалпы чогулушун чакыруу;

- СПАнын жалпы чогулушунун күн тартибин даярдоо;

- жылдык жана баланстык отчетту даярдоо жана аларды СПАнын жалпы чогулушунун бекитүүсүнө сунуштоо;

- СПАнын уставы менен жөнгө салынган СПАнын ишинин жол-жобосун сактоо;

- СПАнын жалпы чогулушунда аныкталган жана ушул Мыйзамда белгиленген башка маселелер кирет.

2. СПАнын Кеңеши кеминде беш адамдан турууга жана алар СПАнын мүчөсү болууга тийиш. СПАнын Кеңешинин мүчөлөрүнүн саны СПАнын уставы тарабынан аныкталат.

3. СПАнын Кеңешинин мүчөлөрү жалпы чогулушта үч жылдан ашпаган мөөнөткө шайланышат.

4. СПАнын уставында Кеңештин ар бир мүчөсү СПА тейлеген зонанын ичинде белгилүү бир областты билдире тургандыгы жана ошол белгилүү бир областтын ичиндеги жерде ээлик кылган же пайдаланган СПАнын мүчөлөрүнүн ичинен шайланышы мүмкүн экендиги каралышы мүмкүн.

5. СПАга карызы бар (жазапулдук санкцияларды кошкондо) СПАнын мүчөсү СПАнын Кеңешине көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.

6. СПАнын Кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан СПАнын Кеңешинин төрагасын үч жылдык мөөнөткө же СПАнын уставында белгиленген башка мөөнөткө шайлашат. Төраганын ыйгарым укуктары СПАнын уставында аныкталат. Төрага СПАнын жалпы чогулушун жана СПАнын Кеңешинин заседаниесин өткөрөт, СПАнын ишинин бардык маселелеринде анын өкүлү катары эсептелет.

7. СПАнын Кеңеши СПАнын Кеңешинин башкаруучу же аткаруучу органынын (СПАнын дирекциясы жокто) иш милдеттерин аткарган учурда СПАнын Кеңешинин төрагасы СПАнын уставынын жоболоруна ылайык өз кызматы үчүн акы алат.

8. СПАнын Кеңешинин заседаниелери, эгерде СПАнын уставында башкача каралбаса, эки айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

9. СПАнын Кеңешинин чечимдери добуш берүү менен кабыл алынат жана СПАнын Кеңешинин чечими, ага Кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса укук ченемдүү деп табылат.

СПАнын уставында СПАнын Кеңешинин төрагасынын добушу чечүүчү добуш катары каралышы мүмкүн. СПАнын Кеңеши СПАнын Кеңешинин заседаниесинин тийиштүү протоколдорун жол-жоболоштуруу менен Кеңештин ишинин эрежелерин жана жол-жобосун аныктайт.

10. СПАнын Кеңеши СПАнын жалпы чогулушуна отчет берет.

Жыл сайын СПАнын жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейин 20 күн мурда СПАнын Кеңеши жылдык отчетту, балансты даярдоого жана СПАнын мүчөлөрүнүн талабы боюнча зарыл болгон маалыматты берүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-16)
