# 10-статья. СПАга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу

- Документ: [Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/993)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 15-мартындагы № 38 "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-943/edition/1237099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/993/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө, 10-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-10

---

1. Ушул Мыйзамдын 8-статьясында каралган СПАга мүчө болуунун шарттарын канааттандырган жеке же юридикалык жак СПАнын жаңы мүчөсү боло алат.

СПАнын Кеңеши төмөнкүдөн тышкаркы учурларда СПАга жаңы мүчөнү кабыл ала алат:

а) эгерде СПАнын уставында СПАга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу сугат сезону аяктагандан кийин каралса, мындай учурда талапкерге аны СПАнын мүчөлүгүнө кабыл алуунун күнү билдирилет;

б) эгерде СПАга мүчө болуучу талапкердин укугу жер участогуна болгон менчик укугуна негизделсе, СПАдан чыгып жаткан мурунку мүчөнүн карыздарын тындырууга жараша;

в) эгерде талапкер СПАдан мурдагы беш жылдын ичинде чыгарылса.

2. СПАнын Кеңеши талапкерге анын СПАга кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүгө тийиш жана жаңы мүчөнү токтоосуз түрдө реестрге каттоого милдеттүү.

3. 1-пункттун "б" пунктчасында камтылган чектөөлөр СПАнын алдында карызы бар өлгөн жана жеке жактын укугун мурастоочуга карата колдонулбайт, анткени анын укугун мурастоочу өлгөн адамдын карыздарын тындыруу үчүн жеке жоопкерчиликте болуп калат.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/993/st-11)
