Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 9-августу № 437 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Эл аралык спорт аренасында Кыргыз Республикасынын беделин жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын туристтик жагымдуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасында өтүүчү ири масштабдагы эл аралык спорттук-массалык иш-чараларга катышуучу спорттук делегация мүчөлөрү, аларды коштоп жүрүүчү адамдар жана эл аралык спорт уюмдарынын расмий жактары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө жобо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1. Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жеке жактар белгиленген мөөнөткө иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.";
- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-пунктча менен толукталсын:
"11-1) ири масштабдагы эл аралык спорттук-массалык иш-чараларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасына жиберилген спорттук делегация мүчөлөрүнө, аларды коштоп жүрүүчү адамдарга жана эл аралык спорт уюмдарынын расмий жактарына ушул иш-чаралар өткөрүлгөн мөөнөткө визаны тариздөөдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 839
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 437 токтомуПостановление · 09.08.2016 · № 437
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.