# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 439
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99219>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19369/edition/1175661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99219.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99219

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 351 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-августу № 439 Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Мугалимдердин кесиптик өсүшүн өбөлгөлөө, жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Билим берүү жөнүндө" жана "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин квалификациялык категорияларына коюлуучу талаптарды бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
