Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 2-сентябры № 476 "Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С. Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене. Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директоруна кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы № 476 токтому менен жактырылган
Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу протокол Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 17-ноябрындагы № 146 Мыйзамы менен ратификацияланган. 2013-жылдын декабрында (Бали шаары, Индонезия) тогузунчу Министрлер конференциясында Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) мүчө өлкөлөрүнүн он жылдык сүйлөшүү процесстеринен кийин Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашууну түзүүдө консенсуска жетишилген. Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуунун максаты - бул бажы жол-жоболорун өткөрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны тездетүү, соода чыгымдарын кыскартуу, соода агымын активдештирүү жана эл аралык соодадан пайда көрүү. Бул документте өнүгүп жаткан жана экономикалык жактан начар өнүккөн мүчө өлкөлөр үчүн атайын жана дифференциалдык режимди орнотуучу жана ДСУнун мүчө өлкөлөрүнүн милдеттенмелерин теңдөөчү жоболор каралган. 2014-жылдын 27-ноябрында (Женева шаары, Швейцария) ДСУнун Башкы кеңешинин чечимине ылайык Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жогоруда аталган макулдашууну киргизүүнү караган протокол менен өзгөртүүлөр киргизилет. Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун (мындан ары - Протокол) күчүнө кириши үчүн ДСУнун 2/3 мүчөсү (108 өлкө) мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүшү керек. Учурда Протоколду ДСУга мүчө болгон 163 мамлекеттин ичинен 83 өлкө, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери - Россия Федерациясы (2016-жылдын 22-апрели) жана Казакстан Республикасы (2015-жылдын 12-октябры) ратификациялашкан. Бул Протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Протоколдо каралган иш-чараларды аткаруу төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен;
- өз ара макулдашылган программалардын жана тышкы жардам долбоорлорунун алкагында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосунда.
Протоколду ишке ашыруу социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 5-октябрындагы № 952-VI "Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна…Постановление · 05.10.2016 · № 952-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-октябрындагы № 975-VI "2014-жылдын 27-ноябрында Женева шаарында кабыл алынган Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш…Постановление · 13.10.2016 · № 975-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-октябрындагы № 986-VI "2014-жылдын 27-ноябрында Женева шаарында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна…Постановление · 19.10.2016 · № 986-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- О Ратификации Протокола о присоединении Кыргызской Республики к Маракешскому соглашению об учреждении Всемирной торговой организацииЗакон · 17.11.1998 · № 146
- 2014-жылдын 27-ноябрында Женева шаарында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо…Закон · 22.11.2016 · № 183
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Марракешское Соглашение о создании Всемирной Торговой Организации (Кыргызская Республика присоединилась Протоколом от 14 октября 1998 года)Соглашение · 15.04.1994
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 5-октябрындагы № 953-VI "Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы "Билим…Постановление · 05.10.2016 · № 953-VI