# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 454
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19353/edition/744054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (23.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99202

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 23-августу № 454 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу жөнүндө жободо:

- 3-пунктунун он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобону жана атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тууралуу жободо:

- 5-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 30-августунда № 75 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Жээнбеков

Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы

А.Джаликов
