# 7-статья. Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жана алар менен жасалган бүтүм

- Документ: [Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/992)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 августа 2005 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О коммунальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/1750)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/992#diff=1282685..1282686>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-942/edition/1282685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/992/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, 7-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-7

---

1. Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлккө карата укук, ошондой эле бул укуктар боюнча чектөөлөр, алардын келип чыгышы, өзгөрүшү, өткөрүп берилиши же токтотулушу тийиштүү аймактардын мамлекеттик каттоо органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлөт.

2. Объекттер мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп берилген учурда мамлекеттик каттоого байланыштуу болгон бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жумшалат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-8)
