# 6-статья. Мамлекеттик менчикти муниципалдык менчикке өткөрүп берүү

- Документ: [Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/992)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2008 года № 279 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/22518)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.12.2008 [Закон КР от 29 декабря 2008 года № 279 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/22518); 19.08.2005 [Закон КР от 19 августа 2005 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О коммунальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/1750)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/992#diff=1282688..1282689>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-942/edition/1282685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/992/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, 6-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-6

---

Мамлекеттик менчик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөндөгүдөй шарттарда өткөрүп берилет:

- менчик качан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгондо;

- менчик маданий же тарыхый мааниге ээ болгондо же башка коомдук пайдалуу максаттарда пайдаланылган учурда;

- мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын менчикти өз алдынча башкаруу жана тескөө үчүн зарыл болгон, ошондой эле үчүнчү жак менен макулдашуу аркылуу финансы каражаттары менен камсыз кылганда.

Республика үчүн мамлекеттик мааниге ээ болгон жана республикалык маанидеги мамлекеттик менчиктин (ишкана) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилиши мүмкүн эмес. Муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик менчик объекттерин кабыл алуу жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт. (КР 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2008-жылдын 29-декабрындагы № 279 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-7)
