# 5-статья. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун келип чыгышы

- Документ: [Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/992)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.07.2023 [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635); 19.08.2005 [Закон КР от 19 августа 2005 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О коммунальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/1750)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/992#diff=1282694..1282695>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-942/edition/1282685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/992/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, 5-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-5

---

Мүлккө муниципалдык менчик төмөнкүдөй жол менен:

- мамлекеттик менчик объекттерин мыйзамдарга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү аркылуу;

- жергиликтүү бюджетке жергиликтүү салык, жыйым жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана башка милдеттүү түрдөгү төлөмдөр түрүндө түшкөн каражаттардан; жарандар жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана ишканалар тарабынан мүлккө муниципалдык менчикти ижарага алгандыгы жана пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн суммалардан; дивиденддерден жана пайыздардан, мыйзамда белгиленген тартипте конфискацияланган мүлктү сатуудан, кайрымдуулук иретинде жана мыйзамда тыюу салынбаган башкача түрдө түшкөн каражаттардан;

- объекттерди менчикке жарандардан жана юридикалык жактардан жарандык-укуктук бүтүмдүн негизинде сатып алуу (сатып алуу-сатуу, алмашуу, тартуу кылуу, экинчи жактын өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин аткарбай коюшу) аркылуу;

- менчик укугунан ажыратуу же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы милдеттенмелери боюнча менчигин башкача түрдө мажбурлап же соттун чечими менен башкача ыкмада алып коюу аркылуу;

- муниципалдык менчикке түшкөн ээсиз буюмду соттун чечими менен таануунун натыйжасында;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен жаңы объекттерди куруунун, өндүрүүнүн же түзүүнүн натыйжасында;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген башка учурларда түзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-6)
