# 3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/992)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2008 года № 279 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/22518)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.12.2008 [Закон КР от 29 декабря 2008 года № 279 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/22518); 14.02.2008 [Закон КР от 14 февраля 2008 года № 12 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/202223)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/992#diff=1282688..1282689>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-942/edition/1282685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/992/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, 3-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-3

---

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда жана тескөөсүндө болгон муниципалдык менчикке, алардын өздөрүнө тиешелүү аймакта жайгашканына же жайгашпаганына карабастан, жайылтылат.

2. Муниципалдык менчикте төмөндөгү мүлктөр болушу мүмкүн:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аларга караштуу ишканалардын имараттары, жабдуулары жана башка кыймылсыз мүлкү;

- билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт жана туризм объекттери;

- турак жай-коммуналдык, ремонттоо-курулуш жана транспорт чарбаларынын объекттери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин камсыз кылууга зарыл болгон жабдуулар менен материалдар;

- тийиштүү аймакты тейлеген жана мамлекеттик, жеке менчикке таандык ишканаларга караштуу болбогон транспорт, энергетика, суу менен жабдуу, канализация курулуштары менен коммуникацияларынын тармактары жана инфраструктура объекттери;

- соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик ишканаларынын мүлк комплекстери, ошондой эле аларды пайдаланууга, күтүүгө жана тейлөөгө арналган курулуштар менен жабдуулар;

- жергиликтүү өз алдынча башкарууга караштуу болгон менчиктештирилбеген турак жай жана турак жайга кирбеген фонддор;

- калктуу конуштардагы көчөлөр, көпүрөлөр менен жолдор;

- коомдук сейил бактар жана сейил бактар үчүн бөлүнгөн жерлер, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын башка объекттери;

- токойлор жана айыл чарба жерлери, көлдөр, суу булактары жана жергиликтүү маанидеги пайдалуу кендер чыккан жерлер, эгерде алар мамлекеттик табигый ресурстардын тизмесине киргизилбеген болсо;

- жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтери;

- жер участкалары, анын ичинде чек аралардын тиешелүү долбоорлорунда каралган муниципалдык мүлктүн объектинде жайгашкан, ошондой эле өздөштүрүлө элек жерлер;

- бүткөрүлө элек курулуш объекттери;

- тиешелүү аймактагы калктын турмуш тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон башка объектилер.

(КР 2008-жылдын 14-февралындагы № 12, 2008-жылдын 29-декабрындагы № 279 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-4)
