# 19-статья. Муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

- Документ: [Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/992)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 12.10.2023 [Закон Кыргызской Республики от 12 октября 2023 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/112675); 15.11.2013 [Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205068); 19.08.2005 [Закон КР от 19 августа 2005 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О коммунальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/1750)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/992#diff=1282696..15251>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-942/edition/1282685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/992/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, 19-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-19

---

Жергиликтүү кеңеш: муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин белгилейт, ошондой эле анын пайдаланылышына контроль жүргүзөт; муниципалдык менчик объекттерин ипотекага берүүгө же күрөөгө коюуга макулдук берет;

- мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин акысыз ажыратууга макулдук берет;

Менчиктештирүү программасын бекитет; муниципалдык менчикти камсыздандыруу тартибин аныктайт; муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдалануучу дагы башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитет; муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартибин аныктайт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү жамааттардын уставында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы: муниципалдык менчикти башкарат жана тескейт; муниципалдык менчик объекттерине укук берүү тартибин кароочу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын, Менчиктештирүү программаларынын жана муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө тартибин аныктоочу дагы башка ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана жергиликтүү кеңештин кароосуна берет; муниципалдык ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө, иштешине, кайра уюштурууга жана жоюуга, ошондой эле муниципалдык менчиктеги акционердик коомдордун акцияларын башкарууга жетекчиликти, координацияны жана контролду жүзөгө ашырат; муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө менен байланышкан келишимдерди түзөт; муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте муниципалдык менчик объекттеринин башка эсебин жүргүзөт; муниципалдык менчикти камсыздандырууну жүзөгө ашырат, муниципалдык менчиктин сакталышын камсыз кылуу боюнча дагы башка чараларды көрөт; мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү жамааттардын уставында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 187, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-20)
