# 15-статья. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү

- Документ: [Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/992)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.07.2023 [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635); 22.06.2016 [Закон КР от 22 июня 2016 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам проведения торгов, аукционов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111363); 19.08.2005 [Закон КР от 19 августа 2005 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О коммунальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/1750)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/992#diff=1282694..1282695>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-942/edition/1282685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/992/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, 15-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-15

---

1. Муниципалдык менчик объекттери жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга жана ижарага берилиши мүмкүн.

Менчик ээлеринин көп квартиралуу үйлөрүнүн алдындагы жер участокторун кошуп, көп квартиралуу үйдүн имарат жайларындагы жалпы мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдаланууга жана ижарага берүүгө укуксуз. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү, ушул Мыйзамдын 16-статьясында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жергиликтүү кеңештердин чечимдеринде каралгандан башка учурларда, электрондук форматта "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон тооруктарды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Тоорук өткөргөндө жана кыймылсыз муниципалдык мүлктү бир жылдык жана андан көбүрөөк мөөнөткө ижарага же пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзгөн учурда төмөнкүдөй жол-жоболор колдонулат:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыймылсыз муниципалдык менчикти ижарага же пайдаланууга берүү ниети жөнүндө табыштаманы кабыл ала тургандыгы тууралу кулактандыруу жарыялайт. Жазуу жүзүндөгү билдирүү коомдук жайларда илинүүгө жана массалык маалымат каражаттарында жарыяланууга тийиш;

- кулактандырууда менчик, анын жайгашкан жери жана сыпатталышы, ижаралоо же пайдалануу укугун сатып алуунун эң төмөнкү баасы, ижаралоо же пайдалануу укугуна карата белгиленген шарттар же чектөөлөр, аукционду өткөрүү убактысы жана өтө турган жери көрсөтүлөт. Кулактандыруу сатыла турган күнгө кеминде 30 күн калганда жарыяланат;

- ичине табыштама салынып, чапталган конверттер баарына көрүнөө болгон коомдук жайда элдин көзүнчө ачылат. Ижаралоо же пайдалануу укугу эң жогорку бааны жана бул бүтүм үчүн белгиленген шарттарды канааттандырган шарттарды сунуш кылган адамга берилет. Коомчулукка конкурстун жыйынтыгы, анын ичинде конкурсту жеңип алуучунун аты-жөнү, баасы жана бул бүтүм боюнча ар кандай чектөөлөр жөнүндө коомдук жайда илинген жазуу жүзүндөгү билдирүү аркылуу жана бул маалыматты мүлккө муниципалдык менчиктин жергиликтүү реестрине киргизүү аркылуу билдирет.

3. Муниципалдык мүлктү ижарага же пайдаланууга берүүдөн түшкөн бардык кирешелер, комиссиялык, юридикалык жана башка чыгымдарды кармап калгандан кийин жергиликтүү бюджетке келип түшөт. Муниципалдык мүлк пайдаланууга же ижарага берилген адам, мамлекеттик каттоо органдарында каттоодон өтүү, ошондой эле ар кандай каттоо чыгымдары үчүн жоопкерчилик тартат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-14)  
Кийинки берене: [15-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-15-1)
