# 15-1-статья. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында муниципалдык менчик объекттерин берүү

- Документ: [Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/992)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-15-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-942/edition/1282685/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, 15-1-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-15-1

---

1. Муниципалдык менчик объекттери мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында пайдаланууга же ижарага берилиши мүмкүн.

2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун алкагында муниципалдык менчик объекттерин жеке өнөктөшкө пайдаланууга же ижарага берүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ижарага берилүүчү жер участогуна карата төлөнүүгө тийиш болгон жер салыгынын эки ставкасынын өлчөмүндө жеңилдетилген (бир жылга) ижара акысын белгилөө менен, тоорук өткөрбөстөн жүзөгө ашырылат. Ижара акысынын өлчөмү, аны төлөө тартиби жана мөөнөттөрү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда көрсөтүлүүгө тийиш.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-15)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-16)
