# 13-статья. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасы

- Документ: [Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/992)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 августа 2005 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О коммунальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/1750)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/992#diff=1282685..1282686>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-942/edition/1282685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/992/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, 13-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-13

---

1. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасынын (мындан ары - Менчиктештирүү программасы) негизинде жүргүзүлөт.

2. Менчиктештирүү программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан иштелип чыгат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

3. Менчиктештирүү программасы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

менчиктештирүү жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясатынын максаттарын жана милдеттерин; муниципалдык менчикти менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруу жана тоорук өткөрүү тартибин; муниципалдык менчик объекттерин төмөнкүлөргө классификациялоону;

- менчиктештирилүүгө тийиш болгон муниципалдык менчик объекттерин;

- аларды менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки муниципалдык менчикке бекитилүүчү муниципалдык менчиктин объекттерин;

- менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчиктин объекттерин;

муниципалдык менчикти менчиктештирүүдөн каражаттардын түшүү божомолун; муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн натыйжасында инвестициялардын түшүү божомолун.

4. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджетке келип түшөт.

5. Муниципалдык менчиктеги жер участкаларын, жеке жана юридикалык жактардын менчигине берүү Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2005-жылдын 19-августундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [121-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-121)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-14)
