# 11-статья. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана алып коюу

- Документ: [Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/992)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 12 октября 2023 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/112675)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.10.2023 [Закон Кыргызской Республики от 12 октября 2023 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/112675); 19.08.2005 [Закон КР от 19 августа 2005 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О коммунальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/1750)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/992#diff=1282695..1282696>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-942/edition/1282685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/992/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, 11-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-11

---

1. Муниципалдык менчикте турган мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү, алмаштыруу же мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратылышы мүмкүн.

2. Муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке акысыз ажыраткан учурларды кошпогондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Муниципалдык менчикте турган мүлктү ажыратуунун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды копшогондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү алып коюуга жол берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-12)
