# 10-статья. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун токтотулушу

- Документ: [Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/992)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 12 октября 2023 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/112675)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.10.2023 [Закон Кыргызской Республики от 12 октября 2023 года № 187 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/112675); 14.02.2008 [Закон КР от 14 февраля 2008 года № 12 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О муниципальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/202223); 19.08.2005 [Закон КР от 19 августа 2005 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О коммунальной собственности на имущество"](https://aqlex.ai/kg/doc/1750)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/992#diff=1282695..1282696>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-942/edition/1282685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/992/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, 10-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-10

---

Мүлккө муниципалдык менчик укугу төмөнкү учурларда:

- мүлктү мамлекеттин менчигине акысыз ажыратканда, юридикалык жактардын жана жарандардын менчигине ажыратканда;

- мүлк кыйраганда же жок кылынганда, болбосо мүлккө карата менчик укугу жоюлганда;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттенмелери боюнча мүлк укугунан ажыратылганда;

- мүлккө муниципалдык менчикке карата укугу бар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоюлганда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда токтотулушу мүмкүн.

Мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин акысыз ажыратуу жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2008-жылдын 14-февралындагы № 12, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/992/st-11)
