Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2016-жылдын 11-мартында кол коюлган «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 16-майы № 255 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 11-мартында кол коюлган "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 11-мартында кол коюлган "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 11-мартында кол коюлган "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 11-мартында кол коюлган "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене. Бишкек шаарында 2016-жылдын 11-мартында кол коюлган "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондуна кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 2-июнундагы № 648-VI "2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт…Постановление · 02.06.2016 · № 648-VI
- КР Жогорку Кеңешинин "2016-жылдын 2-июнундагы № 647-VI "2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт…Постановление · 02.06.2016 · № 647-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 2-июнундагы № 646-VI "2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт…Постановление · 02.06.2016 · № 646-VI
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык…Закон · 08.06.2016 · № 79
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон