# КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 12-майы № 244 ""Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн менен Кувейт Мамлекетинин Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Аба катнашы жѳнγндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 12-майы № 244 ""Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн менен Кувейт Мамлекетинин Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Аба катнашы жѳнγндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 244
- Кабыл алынган күнү: 12.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19323/edition/729305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 12-майы № 244 ""Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн менен Кувейт Мамлекетинин Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Аба катнашы жѳнγндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ" токтому (12.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99171

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2016-жылдын 12-майы № 244 "Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн менен Кувейт Мамлекетинин Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Аба катнашы жѳнγндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "'Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин Регламента жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тѳмѳнкγ тиркелгендер жактырылсын:

"Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Кувейт Мамлекетинин Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Аба катнашы жѳнγндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Кувейт Мамлекетинин Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Аба катнашы жѳнγндѳ макулдашууга Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Эль-Кувейт таарында 2015-жылдын 13-декабрындя кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Кувейт Мамлекетинин Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Аба катнашы жѳнγндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Кувейт Мамлекетинин Ѳкмѳтγнγн ортосундагы Аба катнашы жѳнγндѳ макулдашуу ратификациялансын. 2- берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: -аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Кувейт тарапка кабарласын; -аталган Макулдашууну Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда каттоодон өткөрсүн. 3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн тартып он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
