# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19318/edition/1047754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (27.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99166

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 30 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 10-майы № 237 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 129 "Ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

- 52-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"52. Төлөөчүнүн текшерүү актысына даттануусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 30 (отуз) жумушчу күндүн ичинде каралышы керек. Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) даттануу берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын;

2) юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын кызмат ордун жана юридикалык жактын турган жерин;

3) даттануу предметин;

4) даттанууну берген жактын талабын;

5) даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин;

6) даттануу берүүнүн күнүн, айын жана жылын;

7) даттанууну юридикалык жактын атынан берген адамдын колтамгасын жана юридикалык жактын мөөрүн.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
