# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы № 250 ""Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы № 250 ""Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 250
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19317/edition/1256066/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы № 250 ""Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99165

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 16-майы № 250 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-статьянын 1-бөлүгү "чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөрдөн кийин ошондой эле ички иштер органдары" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 19-статьяда:

- 1-бөлүгү "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин ", ички иштер органдары" деген сөздөр менен толукталсын;

- 4-бөлүгү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин ", ички иштер органдары" деген сөздөр менен толукталсын;

- 7-бөлүгү ''калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөрдөн кийин ички иштер органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
