Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 «Бирдиктүү шыр байланыш» туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын тизмесин бекитүү жана 2011-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин бөлүктөрүнүн базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-апрели № 226 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын тизмесин бекитүү жана 2011-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин бөлүктөрүнүн базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштар жөнүндө маалыматтарга ыкчам чара көрүү, баңги заттарга каршы көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана кеңири масштабдагы маалыматтык-алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын тизмесин бекитүү жана 2011-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин бөлүктөрүнүн базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобонун 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: "- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү фактылары;"; жогоруда аталган токтом менен бекитилген 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын экстрендик кызматтарды чакыруу системасына кирген, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдүү кызматтарынын тизмесинде:
- 1-пункттагы "1" деген цифра "1-1" деген цифра менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын:
"
1
100
БКМКнын шыр байланышы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы телефон тармагындагы шашылыш ыкчам кызматтары үчүн номерлер диапазонунан "БКМКнын түз байланышына" үч орундуу "100" номерин бекитсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын…Постановление · 06.10.2011 · № 618
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 токтому менен бекитилген)Положение · 06.10.2011 · № 618
Шилтеме берет (2)
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 токтому менен бекитилген)Положение · 06.10.2011 · № 618
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон