# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19314/edition/722394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар жөнүндө" токтому (11.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99161

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-апрели № 202 Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар жөнүндө Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 52-1, 108, 112 жана 131-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктардын тизмеги:

- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"

5

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы

Салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүдөн мүлк салыгын, жер салыгын, милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты төлөө боюнча документтерди алуу укугу. Кыргыз Республикасынын банк мекемелери жок алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарында салык төлөөчүлөрдөн мүлк салыгын, жер салыгын, милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты төлөө эсебине накталай акча каражаттарын кабыл алуу.

".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы № 413 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
