Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ѳкмѳтγнγн «Ѳткѳрγγ пункттарынын иштеши боюнча айрым чаралар жѳнγндѳ»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики 15 февраля 2023 года № 74 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики по вопросам функционирования пунктов пропуска через Государственную границу Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-02-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 74 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2016-жылдын 6-майы № 231 Ѳткѳрγγ пункттарынын иштеши боюнча айрым чаралар жѳнγндѳ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык) Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогундагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан адамдардын, транспорт каражаттарынын өтүшү жана жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташып өтүү төмөнкү өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылсын:
1) кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында:
- "Эркештам-автожол";
- "Торугарт-автожол".
2) кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында:
- "Кызыл-Бел-автожол";
- "Кулунду-автожол";
- "Карамык-автожол";
- "Бор-Дөбө-автожол";
- "Кайрагач-автожол".
3) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында:
- "Кызыл-Кыя - темир-жол";
- "Шамалдысай - темир-жол";
- "Жалал-Абад - темир-жол";
- "Кара-Суу - темир-жол"
- "Достук-автожол";
- "Маданият-автожол";
- "Кызыл-Кыя-автожол";
- "Кара-Суу-автожол".
4) эл аралык аба каттамы үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аэропортторунда:
-"Манас-аэропорт";
- "Ош-аэропорт";
- "Ысык-Көл-аэропорт";
- "Каракол-аэропорт";
- "Баткен-аэропорт".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө чечимине чейин, төмөнкү өткөрүү пункттарында Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогундагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан адамдардын, транспорт каражаттарынын өтүшү жана жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташып өтүү убактылуу токтотула турсун:
кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында:
- "Бек-Абад-автожол";
- "Кенсай-автожол";
- "Кара-Багыш-автожол";
- "Ынтымак-автожол";
- "Сейдикум-автожол";
- "Сумсар-автожол".
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге жараша өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоону андан-ары уюштуруу маселесин иштеп чыгышсын.
4. Тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдун кабыл алынышына байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чектеш өлкөлөргө дипломатиялык каналдар боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө кабарласын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралы № 74 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын иштөө маселелери боюнча…Постановление · 15.02.2023 · № 74
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.