Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Жумушсуз жарандарга чакан кредит берүү тартиби жөнүндө» ЖОБОСУ
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 июня 2019 года № 302 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О содействии занятости населения" от 12 апреля 2016 года № 208"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-06-20.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтому менен бекитилген
Жумушсуз жарандарга чакан кредит берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жобо
1. Расмий жумушсуз жарандарга чакан кредит берүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) ишкердик менен алектенүүнү каалаган расмий жумушсуз жарандарга (мындан ары - жумушсуздар) чакан кредит берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү) жумушсуздарга ишкердик ишти уюштурууга консультациялык кызмат көрсөтөт.
2. Чакан кредит берүүнүн шарттары
3. Чакан кредит берүү үчүн керектүү шарттар:
- ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүндө жарандын расмий жумушсуз катарында катталышы;
- өз алдынча иш менен камсыз болууну уюштуруунун планын бериши;
- күрөө же кепилдик.
4. Жумушсуздарга чакан кредит берүү ишкердикти уюштуруу үчүн чакан кредиттик агенттиктер тарабынан ишке ашырылат.
3. Чакан кредит берүүнүн тартиби
5. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан жумушсуздардын өз алдынча иш менен камсыз болуусун колдоо жана дем берүү максатында төмөнкүдөй акысыз кызматтар көрсөтүлөт:
- чакан кредиттик агенттиктер тарабынан чакан кредит берүүнүн тартиби жөнүндө маалымат;
- расмий жумушсуз катарында катталгандыгы жөнүндө тиешелүү түрдө маалымдама берүү.
6. Чакан кредиттик агенттиктер жумушсуздардын өз алдынча иш менен камсыз болуусун колдоо жана дем берүү максатында төмөнкүдөй акысыз кызматтарды көрсөтөт:
- жумушсуздарга чакан кредит берүүнүн тартиби тууралуу консультация берүү;
- күрөө мүлкүн баалоо;
- чакан кредит, кепилдик келишимдери жөнүндө корутунду;
- чакан кредит берүү;
- чакан кредиттин кайтарымдуулугун жана максаттуу пайдаланылышын контролдоо.
7. Чакан кредит алуу үчүн жумушсуздар чакан кредиттик агенттикке төмөнкүлөрдү тапшырат:
- расмий жумушсуз статусу жөнүндө маалымдама;
- жумушсуздун өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ;
- өз алдынча иш менен камсыз болууну уюштуруунун планы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап кылынуучу башка документтер.
8. Жумушсуз документтердин толук пакетин бергенден кийин чакан кредиттик агенттик 3 жумушчу күндүн ичинде чакан кредит берүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат жана жумушсузга кабарлайт.
4. Контроль жана мониторинг
9. Чакан кредиттик агенттик берилген акча каражаттардын максаттуу колдонулушун контролдойт жана мониторинг жүргүзөт, ошондой эле берилген акча каражаттардын жоюу графигине ылайык кайтарылышын көзөмөлдөйт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 12.04.2016 · № 208
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 20.06.2019 · № 302