# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 562 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 562 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 222
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19302/edition/1175779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 562 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (12.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99145

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 371 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-апрели № 222 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 562 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган, мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдардын алкагында ишке ашырылган долбоорлордо иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө системасын жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 562 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- преамбуладагы "Эл аралык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдардын алкагында ишке ашырылган, эл аралык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пунктта:

"Эл аралык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу эл аралык" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "каржылаган" деген сөздөн кийин ", мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдардын алкаганда ишке ашырылган" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдардын алкагында эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлор боюнча аткаруучу агенттик болуп саналган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-тиркемесинде аталган долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин айлык акыларынан ай сайын киреше салыгын кармоону жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү төлөөнү камсыздашсын.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
