Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 562 „Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 12 июля 2022 года № 371 "Об условиях оплаты труда работников, занятых в подготовке и реализации проектов, финансируемых международными финансовыми организациями и странами-донорами"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-07-12.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 371 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-апрели № 222 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 562 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган, мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдардын алкагында ишке ашырылган долбоорлордо иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө системасын жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 562 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- преамбуладагы "Эл аралык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдардын алкагында ишке ашырылган, эл аралык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктта:
"Эл аралык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу эл аралык" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "каржылаган" деген сөздөн кийин ", мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдардын алкаганда ишке ашырылган" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардамдардын алкагында эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлор боюнча аткаруучу агенттик болуп саналган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-тиркемесинде аталган долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин айлык акыларынан ай сайын киреше салыгын кармоону жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү төлөөнү камсыздашсын.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 371 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоого жана…Постановление · 12.07.2022 · № 371
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 562 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга…Постановление · 05.08.2015 · № 562 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 371 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу долбоорлорду даярдоого жана…Постановление · 12.07.2022 · № 371
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 562 "Эл аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган долбоорлорду (насыялар жана гранттар) даярдоого жана ишке ашырууга…Постановление · 05.08.2015 · № 562 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон