# 2016-жылдын 28-апрели № 220 КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: 2016-жылдын 28-апрели № 220 КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 220
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19301/edition/722362/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2016-жылдын 28-апрели № 220 КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (28.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99144

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ 2016-жылдын 28-апрели № 220 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 19-тиркемесинде:

- 18-пунктундагы "45" деген цифралар "60" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 46-пунктунда:

биринчи сүйлөмдөгү "он" деген сөз "отуз" деген сөз менен алмаштырылсын; экинчи сүйлөм күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр менен толукталсын: "Конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийин он күндүн ичинде конкурстун Катышуучусу арыз (даттануу) менен Комиссияга кайрыла алат. Комиссиянын чечимине карата конкурстун Катышуучусунун арызы (даттануусу) Комиссия тарабынан эки күндүн ичинде каралат. Кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия өзүнүн чечимин жокко чыгарат же күчүндө калтырат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 46-1 - 46-5-пункттар менен толукталсын:

"46-1. Эгерде конкурстун Катышуучусу Комиссиянын чечими менен макул болбосо, анда Комиссия тарабынан арызды (даттанууну) кароонун жыйынтыгын алган күндөн тартып жыйырма календардык күндүн ичинде ал арыз (даттануу) менен конкурстун Уюштуруучусуна кайрыла алат. Бул мөөнөт аяктаганда конкурстун Катышуучуларынын даттануулары конкурстун Уюштуруучусу тарабынан каралбайт. Арызды (даттанууну) кароо үчүн конкурстун Уюштуруучусу арыз (даттануу) келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде Атайын комиссия түзөт. 46-2. Атайын комиссиянын курамы беш адамдан кем болбошу керек. Атайын комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:

- конкурстун Уюштуруучусунун (эки адам);

- конкурстук Комиссиянын (бир адам);

- Автоташуучулардын ассоциациясынын (бир адам);

- жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын (бир адам).

46-3. Атайын комиссия конкурстун Катышуучусунун арызын (даттануусун) арыз (даттануу) келип түшкөн күндөн тартып он календардык күндүн ичинде карайт жана чечим чыгарат. 46-4. Атайын комиссия конкурстук Комиссиядан, конкурстун Катышуучуларынан, конкурстун Уюштуруучусунан жана башка мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суроого укуктуу. Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча Атайын комиссия 46-3-пунктта белгиленген мөөнөттө конкурстук Комиссиянын чечимин күчүндө калтыруу же аны жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарат. Атайын комиссиянын чечими маалымкатта чагылдырылат, ага Атайын комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт. 46-5. Атайын комиссиянын чечиминин жыйынтыгы боюнча конкурстун Уюштуруучусу тиешелүү буйрук чыгарат.".

2. Ушул токтом "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Ш. Жээнбеков
