# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 187
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19299/edition/722360/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (11.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99141

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-апрели № 187 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында, "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун 5-пунктчасынын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин алуу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана жүргүзүү жана Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
