# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 "Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 "Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19298/edition/722356/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 "Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (11.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99139

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-апрели № 198 Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү коопсуз ташууну камсыз кылуу максатында, "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
