# КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 6-майындагы № 230 "«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγ киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 6-майындагы № 230 "«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγ киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19297/edition/1256002/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 6-майындагы № 230 "«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγ киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99138

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2016-жылдын 6-майы № 230 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγ киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγ киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.

К.Белекбаев атындагы

Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы

М.Кадыров

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγ киргизуу тууралуу

1-берене «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 458-ст.) тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγ киргизилсин: 5-статья тѳмѳнкγдѳй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: «5) кароо тартиби административдик иш жана административдик жол-жоболор жѳнγндѳ мыйзамдар менен регламенттелγγчγ административдик жол-жоболорду жγзѳгѳ ашыруу менен байланышкан кайрылуулардан.». 2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн тартьш он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.

Кыргыз Республикасынын Президента
