# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 189 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 189 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19296/edition/722350/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 189 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (11.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99136

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-апрели № 189 Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аймагында сейрек, жоголуп бараткан же жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн сактоо боюнча чараларды күчөтүү максатында, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
