# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 407
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19292/edition/722344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" токтому (19.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99132

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 19-апрели № 211 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө жободо:

- 26-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"26. Эгерде даярдоочу (сатуучу) анын продукциясы кайра иштетүүсүз колдонууга жараксыз деп таанылгандыгы жөнүндө чечим менен макул болбосо, административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, ал сотко чейинки тартипте даттанууга укуктуу.".

2. Ушул токтом "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
