# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19286/edition/778946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (01.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99125

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 31-марты № 166 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 4-пунктундагы ", миграция жана жаштар" деген сөздөр "жана социалдык өнүгүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесинде:

4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 9-пунктундагы "Социалдык" деген сөз "Эмгек жана социалдык" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 10 жана 14-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын; 21-пунктундагы "Дене" деген сөз "Жаштар иштери, дене" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 33-пункт менен толукталсын: "33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
