# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-мартындагы № 160 "2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-мартындагы № 160 "2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19282/edition/722322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-мартындагы № 160 "2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жөнүндө" токтому (29.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99121

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-марты № 160 2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жөнүндө Ош шаарынын аймагында келечекте шаар курууну өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы (мындан ары - Башкы план) 1-тиркемеге ылайык;

- Башкы пландын негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү 2-тиркемеге ылайык.

2. Ош шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- кызыкдар тараптар менен бирге Башкы планга ылайык Ош шаарынын шаардык чегинин жана шаар четиндеги зонасынын чегинин долбоорун иштеп чыгуу процессин тездетүү;

- Ош шаарынын мамлекеттик шаар куруу кадастрын иштеп чыгуу жана бекитүү.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

1-тиркеме Ош шаарынын 2025-жылга чейинки БАШКЫ ПЛАНЫ

(Кагаз тyрyрyндѳгyсy юстиция министрлигинде)

2-тиркеме 2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планынын негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү

№

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

Өлчөө бирдейлиги

2015-жылдын 1-январына карата

Эсептик 2025-жылга карата

1

Ош шаарынын аймагы, баары

миң га

16,654

20,360

анын ичинде:

шаардык чегинен тышкары

4,461

4,644

шаардык чегинде

12,194

15,717

2

Шаар тибиндеги аймактар, баары

миң га

5,705

9,357

анын ичинде селитебдүү зона

3,191

5,731

3

Ош шарынын шаар четиндеги зонасы, баары

\-

56,045

анын ичинде:

калктуу конуштардын жерлери

\-

17,278

иштеп жаткан "Ош" эл аралык аэропортун кеңейтүү

\-

0,183

Табигый жана айылдык ландшаф жерлери

\-

38,584

4

Калктын саны

миң адам

270,292

605,3

5

Турак жай фонду, баары

миң м2

4751,3

13909,5

анын ичинде:

сакталуучу

3622,2

реконструкциялоонун эсебинен жаңы курулуш

7457,7

бош аймактардагы жаңы курулуш

2829,6

6

Жаңы турак жай фонду, баары

миң м2

10287,3

анын ичинде кабаттар боюнча:

бакча курулушу

550,3

бийик курулуш (9 кабаттан жогору)

57,3

көп кабаттуу курулуш (4-8 кабат)

8726,2

орто кабаттуу курулуш (3 кабатка чейин)

953,5

7

Бир тургундун турак жай аянты менен камсыз болуусу

м2/адам

15,1

22,98

8

Тейлөө мекемелеринин жалпы аянты

миң м2

1306,3

5933,6

9

Суунун суммалык керектелүүсү

миң м3/сут

321,108

485,59

10

Жылуулуктун суммалык керектелүүсү

Гкал/жыл

3299100

4943200

11

Электр энергиясынын суммалык керектелүүсү

млн. кВт. саат/жыл

398,63

1293,89
