# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-марты № 157 "Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-марты № 157 "Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19280/edition/722318/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-марты № 157 "Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99119

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 28-марты № 157 Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлерин бекитүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын аймагындагы суу чарба объектилерин системалуу түрдө куруу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме Республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн суу чарба объектилерин тандоо критерийлери

№

Критерийлердин баяндалышы

Баллы

I

Актоо мөөнөтү

5 жылга чейин

25

5-8 жыл

15

9-10 жыл

10

11-12 жыл

3

II

1 га карата салыштырмалуу чыгымдар:

150-200 миң сом

25

201-350 миң сом

15

351-500 миң сом

10

501-650 миң сом

5

III

Чек арага жакындыгы (чек арага жакын аймактарды бекемдөө)

20

IV

1 кишиге болгон сугат жер үлүштөрү:

10 сотукка чейин

25

11-25 сотук

15

26-50 сотук

5

V

Жаңы сугат тармактарын күтүүгө чыгымдар (сом/га):

500 сомго чейин

20

501-800 сом

10

801 сомдон жогору

5

VI

Жаңы сугат жерлеринин саны:

1000 га жогору

10

100дөн 1000 га чейин

5

VII

Сугат тармактарынын техникалык мүнөздөмөсүн жакшыртуу, жердин суу менен камсыз болуусун жогорулатуу:

3-4 миң га

15

2-3 миң га

10

1 миң га чейин

5

VIII

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен мурда бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу (10%-90% даярдыкта). Өтмө, бүткөрүлбөгөн курулуш объектилери

Даярдык пайызы:

90%дан жогору

20

71%дан 90%га чейин

17

51%дан 70%га чейин

14

31%дан 50%га чейин

11

21%дан 30%га чейин

8

Өздөштүрүүсү 20%дан төмөн болгон объектилер:

5

IX

Суу чарба объектисин тизмеге киргизүү үчүн долбоор алдындагы баалоо боюнча болжолдонгон кубаттуулуктарды өздөштүрүү үчүн зарыл болгон пайдаланылбаган суу жана жер ресурстары болууга тийиш

Тизмеге кирүүнүн критерийин аныктоо боюнча эсептөө формуласы: ∑ = I+II+III+IV+V+VI+VII+VIII

∑ ≥ N балл алган объектилер кезектүүлүк тартиби менен курулуш тизмесине киришет

Орточо чектик сумманы аныктоонун формуласы (N) N=S/K, мында S - киргизилген объектилердин алган баллынын жалпы суммасы; К - катталган объектилердин жалпы саны

Эскертүү: Курулуштун наркы менен байланышкан көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги иштеп чыгуучу баалардын өзгөрүү индексин эске алуу менен оңдолуп турат.
