# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-марты № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-марты № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99093>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19257/edition/722268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99093.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-марты № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (18.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99093

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 18-марты № 136 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбачылыгын андан ары өнүктүрүү, асыл тукум малды, канаттууларды жана аарыларды өстүргөн асыл тукум субъекттеринин генетикалык ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибинде:

- 9-пункттун биринчи абзацында:

"юридикалык жана жеке жактарга" деген сөздөр "юридикалык жактарга жана жеке жактардын чарбаларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "1-7-тиркемелерине ылайык" деген сөздөрдөн кийин "өзүнчө ар бир породанын түрү боюнча" деген сөздөр менен толукталсын:

- 1 тиркемеде:

"Айыл чарба малынын, канаттуулардын жана аарылардын артыкчылыктуу породалары, породалык топтору, типтери жана түркүмдөрү" деген таблицада: таблицанын экинчи сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "

Бодо мал

Сүт

Кара ала, олуяата, голштинофриз

Сүт-эт

Алатоо, күрөң швиц

Эт-сүт

Симментал

Эт

Кыргыз эт тиби, абердин ангустук, герефорд, шароле

"; үчүнчү сап "Алай, айкөл" деген сөздөрдөн кийин ", гиссар, эдильбай" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-тиркемеде:

"Алатоо породасы" деген таблицада: таблицанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Алатоо, күрөң швиц породалары"; экинчи жана үчүнчү саптар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "

Жалпы башы

100

50

а.и. уйлар

50

30

"; он биринчи саптагы "Орточо сүттүүлүгү" деген сөздөр "Сүттүүлүктүн орточо азыктыгы, л" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Олуяата, голштинофриз, кара ала породалары" деген таблицада: экинчи жана үчүнчү саптар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "

Жалпы башы

100

50

а.и. уйлар

50

30

"; он биринчи саптагы "Орточо сүттүүлүгү" деген сөздөр "Сүттүүлүктүн орточо азыктыгы, л" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Эт породасындагы кыргыз тиби" деген таблицада: таблицанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эт породасындагы кыргыз тиби, абердин ангустук, герефорд, шароле": экинчи жана үчүнчү саптар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "

Жалпы башы

100

50

а.и. уйлар

50

30

"; төмөнкүдөй мазмундагы таблица менен толукталсын: "Симментал породасы

Негизги критерийлер

Үйүрдөгү малдын көрсөткүчтөрү

асыл тукум заводдордо

асыл тукум фермаларда

Жалпы башы

100

50

а.и. уйлар

50

30

Тирүүлөй салмагы, кг:

Букачарлар 12-15 ай

300-350

280-300

Ургаачы торпоктор 12-15 ай

300-320

250-280

Уйлар

500-520

460-500

Букачарлар 18-20 ай

450-480

380-400

Кунажындар 18-20 ай

400-420

350-380

Музоо алуу %

90

85

Сүттүүлүктүн орточо азыктыгы, л

3800,0

3500,0

";

- 3-тиркемедеги "Койлордун алай породасы" деген таблицанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Койлордун алай, гиссар, эдилбай породалары";

- 4-тиркемеде:

"Жаңы кыргыз, таза кандуу минги, орустун таскактуу жылкы породалары" деген таблицада: таблицанын аталышы "таскактуу" деген сөздөн кийин ", аргын" деген сөз менен толукталсын; экинчи жана үчүнчү саптар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "

Жалпы башы

50

40

а.и. тубар бээлер

30

25

".

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Т.А. Сариев
