Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 „Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2021 года № 262 "О некоторых вопросах Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-11-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 10-марты № 115 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 "Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Ыңгайлуу инвестициялык чөйрөнү түзүү максатында "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 "Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелери төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууда иштеген табигый монополиялардын субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуусуна байланыштуу мамилелерге карата колдонулбайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана башка кызыкдар уюмдар менен биргеликте эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 токтому менен бекитилген Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүсү жагынан талдоо жүргүзсүн;
- жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер Министр
Т.А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 "Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу…Постановление · 05.04.2013 · № 175
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 262
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 10-мартындагы N 115 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги N 175 "Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат…Постановление · 10.03.2016 · № 115
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү…Закон · 30.06.2022 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.