Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 3-марты № 108 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык ) Альтернативдик кызматты өтөөнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга "бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункттун "б" пункчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары, альтернативдик кызматтан Куралдуу Күчтөрдүн запасына бошотулгандар;".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын каражаттары жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде жашаган адамдарга социалдык-тиричилик жана социалдык-маданий кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртуу.";
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган альтернативдик кызматтын кызматчыларынан түшкөн акчалай каражаттардын.";
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде жашаган адамдарга социалдык-тиричилик жана социалдык-маданий кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртууга.".
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин атайын каражаттары…Положение · 19.04.2011 · № 169
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы №509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобоПоложение · 10.08.2009 · № 509
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябры № 545 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 01.09.2025 · № 545
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 токтому менен…Положение · 18.05.2009 · № 306 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.04.2011 · № 169
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябры № 545 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 01.09.2025 · № 545
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.08.2009 · № 509
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №306 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 18.05.2009 · № 306 · Күчүн жоготкон