# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууга тартуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууга тартуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99078>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19246/edition/722238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99078.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууга тартуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (03.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99078

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ 2016-жылдын 3-марты № 106 Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууга тартуунун тартибин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууга тартуунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-майындагы № 293 "Кыргыз Республикасынын граждандарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоого тартуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 7-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 7-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
