# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19244/edition/722234/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99076.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99076

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 3-марты № 103 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасын жана маалыматтык ресурстарын модернизациялоо боюнча милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобонун 27-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн түшүүчү каражаттар;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Т.А. Сариев
