# 2016-жылдын 19-февралы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-майындагы № 249 "Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мамлекеттик табигый жаратылыш паркын жана Нарын областынын Нарын районунда Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: 2016-жылдын 19-февралы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-майындагы № 249 "Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мамлекеттик табигый жаратылыш паркын жана Нарын областынын Нарын районунда Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19238/edition/722192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2016-жылдын 19-февралы № 79 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-майындагы № 249 "Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мамлекеттик табигый жаратылыш паркын жана Нарын областынын Нарын районунда Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (19.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99058

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 19-февралы № 79 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-майындагы № 249 "Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мамлекеттик табигый жаратылыш паркын жана Нарын областынын Нарын районунда Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-майындагы № 249 "Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мамлекеттик табигый жаратылыш паркын жана Нарын областынын Нарын районунда Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттун 2-абзацындагы "24468" деген цифралар "24393" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

- жерди эсепке алуу документтерине жана Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын жерлерин пайдалануу укугуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- республикалык маанидеги археологиялык эстеликтерди коргоо зонасын аныктоо менен Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын жаңы чектерин сүрөттөсүн жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын жерлеринин ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ

Токойчулуктун аталышы

Жалпы аянт

Токойлуу жерлер

бардык токойлуу жерлер

Токойлуу эмес жерлер

токойлуу

жыш эмес токой өсүмдүктөрү

питомниктер

токой каптабаган

чабындылар

жайыттар

бактар

чарбактар

башка жерлер

айдоо

бардык токойлуу эмес жерлер

бардыгы

анын ичинде токой/ бадал

бадалдар

телки жерлер

жалпы токой каптабаган жерлер

Саймалуу-Таш токойчулугу

7532

655

\-

\-

\-

281

\-

281

936

\-

6394

\-

\-

200

\-

6594

Мамжерзапастын жерлери

19796

332

\-

\-

\-

1027

\-

1027

1359

\-

14626

\-

\-

3811

\-

18437

Каргалык а/ө жерлери

4597

\-

\-

\-

\-

1099

\-

1099

1099

\-

\-

\-

\-

3498

\-

3498

Бардыгы:

31925

987

\-

\-

\-

2407

\-

2407

3394

\-

21020

\-

\-

7509

\-

28529
