# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралы № 46 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралы № 46 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19235/edition/778942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99055.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралы № 46 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (01.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99055

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-февралы № 46 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун "Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарындагы саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылардын кызматтык маяналарына эселик коэффициенттер" деген 1-тиркемесинде:

- 4-пунктундагы "Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары - башкы окумуштуу катчысы" деген сөздөр "Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын каражаттарынын чегинде иш жүзүнө ашырылаары белгиленсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А.Сариев
