# КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-ноябрындагы N 698 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттегендиги, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттагандыгы, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун бергендиги үчүн пошлиналар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы N 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-ноябрындагы N 698 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттегендиги, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттагандыгы, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун бергендиги үчүн пошлиналар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы N 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 698
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99054>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19234/edition/746741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99054.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-ноябрындагы N 698 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттегендиги, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттагандыгы, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун бергендиги үчүн пошлиналар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы N 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (03.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99054

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2003-жылдын 4-ноябры N 698 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттегендиги, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттагандыгы, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун бергендиги үчүн пошлиналар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы N 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттегендиги, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттагандыгы, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун бергендиги үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы N 346 токтому менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттегендиги, товардык белгалерди, тейлөө белгилерин, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттагандыгы, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун бергендиги үчүн алымдар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- "Жалпы жоболор" I бөлүгүндө:

3-пункт "жеке жактар" деген сөздөрдүн алдында "өзүнүн атына коргоо документин сураган" деген сөздөр менен толукталсын; 4-пункт "уюмдар" деген сөздөрдүн алдында "өзүнүн атына коргоо документин сураган" деген сөздөр менен толукталсын; 5-пункт "(ишкана типтеринин классификаторунун негизги схемасы боюнча)" деген сөздөрдүн алдында "өзүнүн атына коргоо документин сураган" деген сөздөр менен толукталсын; 8-пункттун биринчи абзацындагы "ойлоп табуулардын, өнөр жай үлгүлөрүнүн" деген сөздөр "ойлоп табуулардын, пайдалуу моделдердин жана өнөр жай үлгүлөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 11-пункттун биринчи абзацы "интеллектуалдык менчик. агентствосунун" деген сөздөрдүн алдында "илим жана" деген сөздөр менен толукталсын;

- "Ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү" II бөлүгүндө:

15-пункт алымдын максаты жана өлчөмдөрү бөлүгүндө төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

№

Алымдын максаты

Алымдын шартуу бирдиктердегиѳлчѳмγ

15

Аппеляциялык кеңешке төмөнкүлөргө каршылык арыздарын берγγ

- ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу жана алдын ала экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган чечимге

- ойлоп табууга, өнөр жан үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө негизи боюнча экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган чечимге

- ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө каршы

100

200

300

16-пункт алымдын максаты жана өлчөмдөрү бөлүгүндө төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

16

Мөөнөтүнөн өткөн ар бир ай үчүн өтүнмө ээсинин мыйзам менен белгиленген мөөнөтүн өткөндүгүн калыбына келтирүү: белгиленген мөөнөттүн өткөн күнүнөн тартып 6 айга чейин:

- формалдуу экспертизанын жүрүшүндө суроо- талап боюнча кошумча материалдарды, оңдолгон же жок документтерди берүү;

- өтүнмө боюнча ойлоп табуунун бирдиктүүлүк талаптарын бузгандыгы жөнүндө билдирүүгө жооп берүү;

- алдын ала экспертизанын же негизи боюнча экспертизанын жүрүшүндө суроо-талапка кошумча материалдарды берүү;

- Аппеляциялык кеңешке ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу же алдын ала экспертизанын же негизи боюнча экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган чечимге каршылык арызын берүү;

- белгиленген мөөнөттүн өткөн күнүнөн тартып 6 айдан 12 айга чейин

75

75

75

160

32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

32

Пайдалуу моделге патентти колдонууда болгон ар бир жыл үчүн күчүндө сактоо: биринчи жылга экинчи жылга үчүнчү жылга төртүнчү жылга бешинчи жылга алтынчы жылга жетинчи жылга сегизинчи жылга

50

75

100

100

125

150

150

200

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр

Н. Танаев
