# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19233/edition/746771/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (03.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99053

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-февралы № 45 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жободо:

## II бөлүмдө:

- мамлекеттик тилдеги тексттин 30-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

31

Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин жана Кыргыз Республикасына карата Евразия патентин колдонуунун ар бир жылына күчүндө сактоо:

үчүнчү жылга

120

төртүнчү жылга

150

бешинчи жылга

180

алтынчы жылга

200

жетинчи жылга

240

сегизинчи жылга

300

тогузунчу жылга

360

онунчу жылга

360

он биринчи жылга

480

он экинчи жылга

480

он үчүнчү жылга

720

он төртүнчү жылга

720

он бешинчи жылга

720

он алтынчы жылга

840

он жетинчи жылга

840

он сегизинчи жылга

840

он тогузунчу жылга

960

жыйырманчы жылга

960

- расмий тилдеги тексттин 31-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 31-2-пункт менен толукталсын:

31-2

Өтүнмө ээсинин жоопкерчилигине берилген Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин колдонуунун ар бир жылына күчүндө сактоо:

үчүнчү жылга

60

төртүнчү жылга

75

бешинчи жылга

90

алтынчы жылга

100

жетинчи жылга

120

сегизинчи жылга

150

тогузунчу жылга

180

онунчу жылга

180

он биринчи жылга

240

он экинчи жылга

240

он үчүнчү жылга

360

он төртүнчү жылга

360

он бешинчи жылга

360

он алтынчы жылга

420

он жетинчи жылга

420

он сегизинчи жылга

420

он тогузунчу жылга

480

жыйырманчы жылга

480

2. Ушул токтомдун 1-пунктунун жоболору Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин жана Евразия патентин күчүндө сактоого байланыштуу, ошондой эле өтүнмө ээсинин жоопкерчилигине берилген Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентин күчүндө сактоого байланыштуу 2015-жылдын 5-октябрынан тартып пайда болгон мамилелерге жайылтылат.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
