# 2016-жылдын 10-февралы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтом

- Толук аталышы: 2016-жылдын 10-февралы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99050>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19230/edition/1185049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99050.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2016-жылдын 10-февралы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтом (29.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99050

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 10-февралы № 55 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун кызматкерлеринин эмгек акы шарттарын тартипке келтирүү жана материалдык жактан колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "кызматтык маянанын 30 пайызы" деген цифралар жана сөздөр "кызматтык маянанын 30 пайызга чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй редакциядагы 2-2-пункт менен толукталсын:

"2-2. Иштин жыйынтыгы, сапаты жана демилге көтөргөнү үчүн кошумча акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ведомстволук ченемдик актысында каралган тартипте аныкталары белгиленсин.";

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:

5-пункту "лаборатория" деген сөздөн кийин ", сектор" деген сөз менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
