Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 „Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 18 ноября 2022 года № 641 "Об утверждении Порядка организации государственных закупок товаров, работ и услуг, связанных с защитой государственных секретов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-02-12.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 12-февралы № 63 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Стратегиялык объекттердин иштөө маселелеринде мамлекеттин кызыкчылыгын өз убагында, толук жана сапаттуу коргоо менен Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коому" деген сөздөрдөн кийин "Кыргызалтын" ачык акционердик коому" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:
2-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2-1. Чет мамлекеттерде ишке ашырылуучу эл аралык арбитражда, чет өлкөлүк соттордо жана соттон тышкаркы териштирүүлөрдө мамлекеттик кызыкчылыкты коргоодо улуттук коопсуздукту камсыздоонун алкагында ишке ашырылуучу эл аралык арбитраждарга, чет мамлекеттердин сотторуна жана чет өлкөлүк ыйгарым укуктуу органдарга эксперттик корутундуларды даярдоо жана берүү үчүн жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыгын өз убагында, толук жана сапаттуу коргоону ишке ашыруу жана соттук чечимдерди же башка тараптын менчигине мажбурлап айлантуудан анын ар кандай активдерин коргоого мүмкүндүк берүүчү чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын башка чечимдерин алуу, ошондой эле ушул токтомдун 2-пунктунда аталган ачык акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын кызыкчылыгын жана активдерин коргоо максатында арбитраждык, соттук же соттон тышкаркы предметтерге кирген же башка түрдө тийиштүү арбитраждык же соттук өндүрүшкө, же соттон тышкаркы териштирүүгө жана алардын атынан чыгууга тиешелүү маселелер боюнча башка кесипкөй кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар мамлекеттик сатып алууларга кирет.";
- 5-пункту "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коому тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Порядок осуществления закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью, защитой государственной тайны и ликвидацией последствий…Порядок · 01.07.1998 · № 398
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон